Авиациялык медицина – авиациялык учуулардын медициналык камсыздоосуна багытталган медицинанын тармагы.
Учууларды медициналык камсыздоо-бул авиациялык медицина кызматы тарабынан авиациялык персоналдын ден соолугун сактоо, ишке жөндөмдүүлүгүн сактоо жана кесиптик өмүрүн узартуу, медициналык себептерден жана алардын өбөлгөлөрүнөн улам авиациялык кокустуктардын алдын алуу боюнча жүргүзүлүүчү иш-чаралардын системасы.