Кыргызстандын авиация адистери Алматы шаарында өткөн ICAO TRAINAIR PLUS программасынын алкагындагы курста квалификациясын жогорулатышты.

2026-жылдын 18-22-май күндөрү Алматы шаарында (Казакстан) ICAO TRAINAIR PLUS Programme окуу борборунун базасында «Казаэронавигация» менен биргеликте компетенцияга негизделген окутуу жана баалоо системасы (Competency-Based Training and Assessment - CBTA) боюнча «Инструкторлорду даярдоо курсу» өткөрүлдү.

Бул курс инструктордук жана инспектордук курамдын кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө, окутуу жана персоналды баалоо методдорун өркүндөтүүгө, ошондой эле окутуу процесстеринин Эл аралык жарандык авиация уюмунун (International Civil Aviation Organization - ICAO) эл аралык стандарттарына жана сунуштама тажрыйбасына шайкеш келүүсүн камсыздоого багытталган.

Окутууга Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү, ошондой эле Казакстан жана Россия Федерациясынын авиация тармагынын адистери катышты.

Курс жүрүшүндө катышуучулар окутуунун заманбап ыкмаларын, кесиптик компетенцияларды баалоо жолдорун, окуу программаларын иштеп чыгуу жана натыйжалуу тренингдерди өткөрүү ыкмаларын үйрөнүштү. Өзгөчө көңүл тажрыйбалык сабактарга жана авиациялык персоналды даярдоодо эл аралык стандарттарды колдонууга бурулду.

Окуу ийгиликтүү аяктагандан кийин бардык катышуучулар эл аралык үлгүдөгү тастыктамаларга ээ болушуп, бул курсту ийгиликтүү аяктаганын жана өздөрүнүн кесиптик ишмердигинде заманбап инструктордук ыкмаларды колдонууга укук алганын тастыкташты.