Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери SAFA/SACA инспекторлорун даярдоо курсунан өтүп жатышат.

Бул программа эл аралык жана европалык стандарттарды камсыздоого багытталган милдеттүү элемент болуп саналат. Инспекторлорду даярдоо EASA регламенттерине ылайык жүргүзүлөт жана теориялык, тажрыйбалык окутуудан өтүүнү карайт.

Курс Part-ARO.RAMP талаптарына жана ИКАОнун стандарттарына (1, 6 жана 8-тиркемелер) ылайык жаңыртылган. Окуу программасы контролдоонун негизги багыттарын, анын ичинде ЕБдин укуктук базасын жана ИКАОнун алкактык программасын, борборлоштурулган маалыматтар базасы менен иштөө тартибин өзүнө камтыйт.

Бул курстан өтүү инспектордук курамдын кесиптик потенциалын андан ары чыңдоого жана жарандык авиация чөйрөсүндөгү көзөмөл ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.