Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда түз авиакаттамдарды өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрүнүн, мекендик авиакомпаниялардын, ошондой эле курамына Chengdu Airlines авиакомпаниясынын жана COMAC маркетинг борборунун өкүлдөрү кирген Кытай делегациясынын катышуусунда Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда жүк жана жүргүнчү түз авиакаттамдарын өнүктүрүү маселелерине арналган жумушчу жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө туруктуу авиакаттамдарды ишке киргизүүнүн келечеги каралып, авиакаттамдар рыногуна алдын ала талдоо жүргүзүлдү жана кызматташтыктын мүмкүн болгон моделдери талкууланды. Эл аралык «Манас» аэропортунун транзиттик потенциалына, жүргүнчүлөр агымына баа берүүгө, ошондой эле жүк авиакаттамдарын өнүктүрүүнүн келечегине өзгөчө көңүл бурулду.

Өзүнчө Ош -Кашгар багыты каралып, ал региондук маанидеги, социалдык-экономикалык жактан маанилүү каттам катары белгиленип, Кыргыз Республикасынын түштүк аймактары менен Кытай Эл Республикасынын батыш аймактарынын ортосунда сооданы, туризмди жана транспорттук байланыштуулукту өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.

Талкуунун алкагында Нарын облусунун аймагында жана Кытай Эл Республикасынын чек арага чектеш райондорунда жаңы аба чекитинин ачылышы учуу каттамдарын оптималдаштырууга шарт түзөрү белгиленди. Бул аба коридорун пайдалануу учуулардын коопсуздугун жогорулатууга, каттамдардын узактыгын кыскартууга жана учуу убактысын азайтууга мүмкүндүк берип, авиакаттамдарды аткарууда кошумча натыйжалуулукту камсыз кылат.

Мындан тышкары, кытай тарабынан Кытайда өндүрүлгөн регионалдык аба кемелерин Кытай – Кыргызстан багыттары боюнча авиакаттамдарды аткарууда колдонуу мүмкүнчүлүктөрү сунушталды. Талкуунун жүрүшүндө аба кемелерин тастыктамалоо, алардын авиациялык коопсуздуктун эл аралык стандарттарына шайкештиги, авиациялык персоналды даярдоо жана техникалык тейлөөнү уюштуруу маселелери да козголду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин тастыктап, талкууланган демилгелерди мындан ары да биргелешип иштеп чыгууну макулдашты.