Кыргыз Республикасы менен Австрия Республикасынын жарандык авиация жана авиациялык коопсуздук жаатындагы кызматташтыгы кеңейүүдө.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин, авиакомпаниялардын өкүлдөрү жана Австрия Республикасынын мамлекеттик органдарынын, технологиялык компанияларынын, консалтингдик жана финансылык уюмдарынын өкүлдөрүн камтыган австриялык делегациянын катышуусунда иш жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун ачылышында кыргыз тарап жарандык авиация, авиациялык коопсуздук жана заманбап технологияларды киргизүү жаатында Австрия Республикасы менен системалуу, тажрыйбалык багыттагы жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Австриялык делегациянын жетекчиси австриялык тараптын Кыргыз Республикасы менен узак мөөнөттүү жана институционалдык жактан туруктуу өнөктөштүктү калыптандырууга стратегиялык кызыкдар экендигин белгилеп, авиация, коопсуздук, технологиялар жана биргелешкен долбоорлорду финансылык коштоо тармактарында туруктуу кызматташуу платформасын түзүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун алкагында FREQUENTIS, Doculus Lumus, Ulbrichts жана RocFortis Group Holding компанияларынын продукциялары сунушталып, аларды Кыргыз Республикасынын аймагында киргизүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.