Теориядан практикага: авиация колледжинин студенттери Жарандык авиация боюнча мамлекеттик агенттикте экскурсияда.

Кыргыз авиация институтунун алдындагы И. Абдраимов атындагы авиация колледжинин студенттери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине барышты.

Иш сапардын алкагында Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Бостонов Данияр Куватбекович студенттер менен жолугушуп, жарандык авиациянын өлкөнүн өнүгүшүндөгү ролу тууралуу маек курду. Ал студенттерге суроолорду берип, авиация тармагы үчүн квалификациялуу адистерди даярдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, айрыкча авиаторлордун ишиндеги тактыкты жана пунктуалдуулукту өзгөчө баса белгиледи.

Мамлекеттик агенттиктин бөлүмдөрү боюнча экскурсияны шайкештик жана коопсуздук мониторинги бөлүмүнүн башчысы Турумбеков Нуркан Таалайбекович өткөрдү. Профилдик бөлүмдөрдүн адистери студенттерди өздөрүнүн функциялары, милдеттери жана күнүмдүк ишинин өзгөчөлүктөрү, ошондой эле жарандык авиация тармагындагы адистерге коюлган талаптар менен кеңири тааныштырышты.

Мындан тышкары, студенттер авиация музейине барып, авиациянын өнүгүү тарыхы менен таанышып, экспонаттарды көрүп, Кыргыз Республикасында авиация тармагынын калыптанышынын маанилүү этаптары тууралуу маалымат алышты.