2024-жылдын 18-декабрында Президенттин Жарлыгы менен бекитилген “Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктиктер» Уңгужолу Доктринасы.

        Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация  мамлекеттик агенттиги 2024-жылдын 18-декабрында Президенттин Жарлыгы менен бекитилген “Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктиктер» Уңгужолу Доктринасынын ишке ашырууда. 

       Ушул иштин алкагында Агенттик Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору Джанузаков Канат Чыныбаевичти лекция окууга чакырды.

         Өзүнүн баяндамасында профессор «Уңгужол» концепциясынын негизги багыттарын кеңири түшүндүрүп өттү. Ал улуттук биримдикти чыңдоо, патриоттуулукту өнүктүрүү жана Кыргызстандын эл аралык аренадагы ролун жогорулатуу сыяктуу маанилүү маселелерге токтолду. Өзгөчө көңүлдү спортту өнүктүрүү жана сергек жашоону жайылтуу темаларына көңүл буруп, алардын концепциядагы негизги багыттардын бири экенин баса белгиледи.

     Профессордун лекциясы Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлеринде чоң кызыгуу жаратты. Иш-чарага катышкандар активдүү талкуу жүргүзүп, өз ойлорун жана сунуштарын бөлүшүштү.