Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде аталган агенттиктин директору Данияр Бостонов менен Эл аралык аба транспорт ассоциациясынын (IATA) Борбордук Азия боюнча аймактык менеджери Ризван Ахмед Сиддикунун жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Жыйынга ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын, анын ичинде КР Бажы кызматынын өкүлдөрү катышты.
Талкуунун жүрүшүндө авиация тармагын өнүктүрүүгө багытталган негизги маселелер козголду:
- жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү абада ташууну санариптештирүү, процедураларды жөнөкөйлөтүү жана тездетүү боюнча заманбап чечимдерди ишке ашыруу;
- "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын ишинин алкагында PBN (Performance-Based Navigation) долбоору жана аэронавигациялык процесстерди андан ары өркүндөтүү;
- авиация тармагындагы кызматташтыктын келечектүү багыттары жана аны менен байланышкан.
Тараптар тийиштүү маалымат менен алмашышты жана өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты. Жыйындын жыйынтыгында талкууланган демилгелерди иш жүзүндө ишке ашыруу үчүн кийинки консультацияларды жана жумушчу жолугушууларды өткөрүү чечими кабыл алынды.
Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги мындай жолугушуулар эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, авиация тармагынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана Кыргыз Республикасын дүйнөлүк авиация системасына интеграциялоого өбөлгө түзөрүн белгилейт.