Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Жарандык Авиация мамлекеттик агенттиги ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин Кеңешине караштуу Авиациялык коопсуздук боюнча жумушчу (эксперттик) топтун жана Учуулардын коопсуздугу боюнча жумушчу (эксперттик) топтун Москва шаарында өтүп жаткан ""Жарандык авиациядагы учкучсуз авиация тутумдары, келечеги, кыйынчылыктары жана жөнгө салуулары"" темасындагы биргелешкен отурумуна катышууда.
Иш - чаранын максаты-учкучсуз авиациялык системаларды жарандык максаттарда эксплуатациялоонун учурдагы абалын жана келечегин талкуулоо, учкучсуз учуучу аппараттарды эксплуатациялоодо коопсуздукту камсыздоо маселелерин, заманбап шарттарда жарандык аба кемелеринин учуусу үчүн тобокелдик факторлорун баалоо жана мындай учуулардын коопсуздугунун тиешелүү деңгээлин камсыздоо маселелерин талкуулоо, ошондой эле учкучсуз авиациялык системалар жаатындагы ишти жөнгө салуу маселеси боюнча эл аралык тажрыйба алмашуу.