Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги мамлекеттик кызматтын бош административдик орундарын ээлөөгө сынак жарыялайт. Жалпы бош орундардын саны 26 бирдикти түзөт
Сынак «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Сынакты өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык өткөрүлөт.
Коюлган талаптар: авиациялык же башка жогорку билим, иш тажрыйба жана тиешелүү чөйрөдөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү. Англис тилин билүү артыкчылык болот.
Сынакка катышуу үчүн шилтеме аркылуу арыз калтырыңыз - https://forms.gle/TbeEcWRSDx8TunvC7