Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин имаратына кирүүдө кызматкерлердин жана келүүчүлөрдүн сырткы келбети жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин (мындан ары – Мамлекеттик агенттик) имаратына кирүүдө белгиленген тартипти сактоону камсыз кылуу жана ишкердик стилди сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтому менен бекитилген Мамлекеттик агенттик жөнүндө Жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам: 

1. Мамлекеттик агенттиктин имаратына кирүүдө кызматкерлер жана келүүчүлөр үчүн формалык кийимдерге төмөнкүдөй талаптар белгиленсин: - Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлеринин расмий ишмердүүлүгүнүн мүнөзүнө ылайык келген белгиленген ишкердик стилдеги формалык кийимдерди кийүүгө тийиш; - келүүчүлөр спорттук жана бшка ишкердик стилге туура келбеген кийимдерди четке чыгарып, ишкердик кийим стилин сактоого тийиш. 

2. Мамлекеттик агенттиктин имаратына кирүүдө формалык кийимге талаптардын сакталышын контролдоо жоопкерчилиги укуктук жана кадрдык камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн. 

3. Формалык кийимге карата талаптар бузулган учурда жооптуу жак Мамлекеттик агенттиктин имаратына кызматкерлерди жана келүүчүлөрдү киргизбөөгө укуктуу. 

4. Укуктук жана кадрдык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси К.Т. Смадиярова бул буйрукту мамлекеттик агенттиктин маалымат такталарына жана расмий сайтына жайгаштыруу жолу менен бардык кызматкерлерге, келүүчүлөргө жана башка кызыкчылыгы бар жактарга жеткирсин.

5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө директордун орун басары К.Т. Төлөгөновго жүктөлсүн.