“Кыргыз Республикасынын мамлекттик тили жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мызамынын 39-пунктун жана “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча 2025-жылга болгон иш-чараларынын планын” аткаруу максатында жумушчу топ түзүлдү. Жумушчу топко мүчө болгон тараптар:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги
 - Кыргыз Республикасынын Энциклопедия жана терминология борбору
 - «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы
 - Ишенбай Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институту
 - «Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коому
 
Жумушчу топтун төрагасы – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары – Төлөгөнов Канат Төлөгөнович.
Бүгүн, 2025-жылдын 3-апрелинде жумушчу топтун биринчи жыйыны болуп өттү, жолугушуунун жыйынтыгында иштин Жол картасы бекитилди.