Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов менен Европалык окутуу уюмунун (JAA) аткаруучу директору Паула Виейра де Альмейда окутуу кызматтары боюнча алкактык макулдашууга кол коюшту.
Бул стратегиялык өнөктөштүк Кыргыз Республикасындагы авиация кызматкерлеринин билимин жана компетенттүүлүгүн, ыңгайлаштырылган окутуу программалары аркылуу жогорулатууга багытталган.
JAA Training Organisation, авиациялык окутуу боюнча эл аралык таанылган лидер жана ICAOнун Platinum Excellence Окутуу борбору. Келишимге ылайык, Европалык окутуу уюму Кыргыз Республикасынын авиация кызматкерлерин жогорку сапаттагы окуу курстары менен камсыздайт. Курстар авиациялык темалардын кеңири спектрин камтыйт. Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасынын авиация секторунун керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган.
JAA окутуу уюму менен келишимге кол коюу авиациялык кадрларды эл аралык стандарттарга ылайык даярдоодо маанилүү кадам болду.