Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) Европа жана Түндүк Атлантика боюнча аймактык директору Николас Ралло мырзанын 2025-жылдын 28-январынан 30-январына чейин Бишкек шаарында болгон иш сапары аяктады.
Иш сапардын журушундө Николас Раллону Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - А. Касымалиев кабыл алды , жолугушууда Кыргызстан менен Эл аралык жарандык авиация уюмунун ортосундагы кызматташуунун келечеги талкууланды.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууда Эл аралык Жарандык авиация уюму менен Өнөктөштөрдүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык алкагында, Туруктуу авиациялык күйүүчү майлар боюнча ИКАОнун жардам көрсөтүү, потенциалды жогорулатуу жана окутуу программасына (ICAO ACT-SAF) катышуунун шарттарын камтыган документке кол коюлду . Ал эми авиациялык ишмердиктин айлана-чөйрөгө жана климатка тийгизген таасирин азайтуу Бириккен Улуттар Уюмунун системасынын саясатына ылайык ИКАОнун беш стратегиялык максаттарынын бири болуп саналат. Белгиленген Программага катышуу авиация тармагы үчүн өтө маанилүү.
Ошондой эле иш сапарынын алкагында Николас Ралло мырза «Манас» эл аралык аэропортунда болуп, анда «Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы Самидинов Манасбек Самидинович менен жолугушту. Өз кезегинде «Кыргызстан аэропорттору» ААКсы аэропорттун ишмердүүлүгү жана Учуулардын коопсуздугун башкаруу системасы боюнча презентация өткөрдү. Н.Ралло Австрия, Швейцария сыяктуу географиялык окшоштуктары бар өлкөлөр менен кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча өз сунуштарын берди. Ошондой эле Эл аралык аэропорттор кеңеши (ACI Europe) менен тыгыз кызматташууну сунуштады. Белгилей кетсек, 2024-жылдын 4-ноябрында «Кыргызстан Аэропорттору» ААК ACI EUROPEга расмий түрдө мүчө болгон.
Николас Ралло мырза ошондой эле «Асман Эйрлайнс» мамлекеттик авиакомпаниясы менен жолугушуу өткөрүп, анда алардын учурдагы ишмердүүлүгү жана учактарды алуу пландарын, авиация кызматкерлерин окутуу, учуу географиясын кеңейтүү жана башка көптөгөн нерселер менен таанышты.