19-декабрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы тарабынан делегаттарды мамлекеттик органдардын жетишкендиктери менен тааныштыруу боюнча иш-чарасы уюштурулду.
Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги катышып, жарандык авиация чөйрөсүндөгү акыркы жетишкендиктерди, Кыргызстандын авиакомпаниялары колдонгон учактарды жана «Манас Менеджмент» компаниясы («КММ» ЖАК) чыгарган учакта тамактануу азыктарын көрсөттү.