«Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасына пландык текшерүү жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин инспекторлору тарабынан аэронавигациялык кызмат көрсөтүүчү «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасына пландык текшерүү жүргүзүлдү.

 

Текшерүү жүргүзүлгөн багыттар: аба кыймылын тейлөө, авариялык-куткаруу кызматтары, авиациялык коопсуздук, ошондой эле учууларды радиотехникалык, метеорологиялык жана аэронавигациялык камсыздоо.