Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин инспекторлоруну «Каракол» эл аралык аэропортунун аэродромдук жана жердеги тейлөө кызматтарын тастыктамалоосун өткөрүп жатат.
Тастыктамалоо эл аралык стандарттарга жана талаптарга ылайык жүргүзүлөт. Бул иш-чара учуунун коопсуздугу жана жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу боюнча жогорку талаптарды камсыз кылууга мүмкүндүк берет, бул өлкөнүн авиация инфраструктурасын андан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.