2024-жылдын 26-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин жана И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун өкүлдөрүнүн Дүйнөлүк банктын делегациясы менен жумуш жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын авиациялык инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана авиациялык коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга багытталган учурдагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Долбоорду ишке ашыруунун негизги этаптары, жетишилген натыйжалар жана андан аркы кадамдар каралды.

 

Кызматташтыктын алкагында ишке ашырыла турган перспективдүү долбоорлорду талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду. Дүйнөлүк банктын жумушчу тобунун жетекчиси Евген Булах жарандык авиацияны санариптештирүү аркылуу өлкөнүн авиация тармагын модернизациялоого багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди.

 

Жолугушуу конструктивдүү маанайда өтүп, тараптар жигердүү өз ара аракеттенүүнү улантууга, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын эл аралык авиациялык түйүндөргө интеграцияланышына өбөлгө боло турган жаңы долбоорлордун үстүндө биргелешип иштөөнү макулдашты.