2022-жылдан бери иштеп жаткан Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн авиациялык коопсуздугу боюнча координациялык топтун өз ара кызматташтыгын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле Казакстан менен Кыргыз Республикасынын авиация бийликтеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга ылайык, 2024-жылдын 11-ноябрынан 15-ноябрына чейинки аралыкта «Казакстандын Авиация администрациясы» ААКсынын аймагында Кыргыз Республикасынын авиациялык коопсуздук боюнча эксперттери менен бир катар иш-жолугушуулар өткөрүлдү.
Жолугушуулардын максаты Казакстандын 2025-жылга белгиленген ИКАОнун авиациялык коопсуздук аудитине даярдыгын талкуулоо болду. Кыргызстандык эксперттер - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун кеңешчиси Ш. Рустамов жана авиациялык коопсуздук башкармалыгынын башчысы Кашкариев М. ИКАОнун авиациялык коопсуздук аудитин өтүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү, анын ичинде ИКАОнун универсалдык аудит программасына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү механизми.
Казакстан менен Кыргызстандын авиациялык коопсуздук тармагындагы кызматташтыгы аймактык интеграциянын жакшы мисалы болуп саналат жана эки өлкөнүн эл аралык стандарттарга ылайык авиациялык коопсуздук деңгээлин жогорулатууга умтулуусун көрсөтөт. Биргелешкен иштин натыйжалары эки өлкөнүн ИКАОнун аудитинен ийгиликтүү өтүшүнө гана эмес, Евразиялык жарандык авиация конференциясынын (EACAC) алкагындагы кызматташтык саясатын жүргүзүүгө, жарандык авиациянын коопсуз жана эффективдүү системасын андан ары өнүктүрүүгө жардамдашат.