Инновациялык долбоорлор: келечекке кадам!

2024-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 20-майындагы № 158 “Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүү жана аба кыймылын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында , Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги тарабынан, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда, төмөнкү долбоорлор көрсөтүлдү:

1. Окуучулардын жана мугалимдердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында түзүлгөн кырдаал борбору, ошондой эле билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун куралы катары кызмат кылат. Жалпысынан институт боюнча жана бардык окуу кабинеттеринде жана лабораторияларында 120 камера орнотулган. Сапат бөлүмүнүн нөөмөт кызматкери онлайн режиминде көзөмөлдөп, мыйзам бузууларды эсепке алат;

2.​Blue Jet Airways KG компаниясынын колдоосу менен заманбап жабдуулар менен толук жабдылган “Боинг учактарынын дизайны” заманбап аудиториясы көрсөтүлдү. Бул институттун бүтүрүүчүлөрүнө студенттик статуста жүргөндө чет өлкөлүк технологиялар боюнча билим алууга мүмкүндүк берет жана авиация коомчулугуна чет өлкөлүк технологиялары боюнча квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн берет;

3.​Кыргыз авиация институтунда мультимедиялык лабораториянын бет ачары өттү. Бул лаборатория студенттик коомчулуктун суроо-талабы боюнча түзүлүп, социалдык маселелерге байланыштуу видеоконтенттерди түзүүгө, ошондой эле ар кандай темадагы лекциялык роликтерди даярдоого багытталган ошондой эле заманбап эмерек жана техника.