Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинде ACI EUROPE компаниясынын башкы директору Оливье Янковец мырза менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун негизги темасы – «МАМ» ААКсынын ACI EUROPEга кириши болду. Тараптар Кыргызстандын аба транспортун өнүктүрүүнүн маанилүү маселелерин талкуулап, бул тармактын өлкөнүн экономикасына кошкон салымы өсүп жатканын белгилешти. 2024-жылдын 4-ноябрында «МАМ» ААК расмий түрдө ACI EUROPE уюмуна мүчө болду.

ACI EUROPE – авиация тармагындагы жетишкендиктерге көмөк көрсөтүү үчүн дүйнө жүзүндөгү аэропорттордун жамааттык кызыкчылыктарын коргогон Эл аралык аэропорттор кеңеши.