“Aero Nomad Airlines” авиакомпаниясы пландуу аудиттен өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин инспекторлору тарабынан «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКсынын аба транспортунун операторунун өндүрүштүк ишмердигин көзөмөлдөө графигине ылайык пландуу текшерүү жүргүзүлдү.

Бул текшерүүнүн жүрүшүндө оператордун ишмердүүлүгүнүн 13 багыты боюнча текшерүүлөр жүргүзүлгөн.