Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги тарабынан «Avia Traffic Company» жана «Tez Jet» авиакомпанияларына аудит жүргүзүлдү

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин инспекторлору тарабынан  «Авиа Траффик Компани» ЖЧКна жана  «Тез Жет» ЖЧКна авиациялык коопсуздук чөйрөсүндөгү ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча авиациялык коопсуздук системасын жакшыртуу боюнча сын-пикирлер жана сунуштар берилди.

 

«Авиа Траффик Компани» ЖЧК жана  «Тез Жет» ЖЧК ишмердигине аудит жүргүзүүнүн максаты авиа ишканалар тарабынан укуктук ченемдик актыларды анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 24-ноябрындагы №787 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын “Авиациялык коопсуздук. 17-КРАЭ” Авиациялык эрежелерин жана ошондой эле авиациялык коопсуздук жаатындагы авиа ишканаларыдын локалдык документтерин сактоосун аныктоо болуп эсептелет.