Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун Катарга болгон иш-сапары

2024-жылдын 14-16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Д.К. Бостонов Катар авиация тармагынын негизги өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

 

2024-жылдын 14-сентябрында Д.К. Бостонов “Qatar Airways” авиакомпаниясынын вице-президенти Фатхи Атти менен жолукту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Катар Мамлекетинин ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Европа жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө, ошондой эле АКШга транзиттик жүк ташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын жарандык авиация адистеринин Qatar Airways авиакомпаниясында стажировкадан өтүү маселелери талкууланды.

 

2024-жылдын 15-сентябрында Д.К. Бостонов Катар жарандык авиация башкармалыгынын башчысы Мохамед бин Фалех Аль Хажри мырза менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Талкуунун негизги темасы учуу коопсуздугу жана жөнгө салуу чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү болуп, анын жүрүшүндө Катар тарап Кыргызстандын авиация тармагын жөнгө салуунун сапатын жакшыртууну толук колдоорун билдирди.

 

2024-жылдын 16-сентябрында директор - Д.К. Бостонов И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун директору - У.Э. Курманов менен бирге Катар авиациялык академиясынын башкы директору шейх Джабор бин Хамад М.Аль Тани менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү жана авиациялык кадрларды даярдоо жаатында кызматташуу маселелери талкууланды. Айрыкча аба кыймылынын диспетчерлерин даярдоого жана бул багыттагы квалификациялуу адистерди даярдоого өзгөчө көңүл бурулду. Кошумчалай кетсек, Катар авиациялык академиясы Кыргызстандан учкучтарды даярдоого бекер квота бөлүнгөнүн тастыктады. Бул кадам Кыргызстандын жарандык авиациясынын кадрдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон маанилүү салым болуп саналат.

 

Ошондой эле 2024-жылдын 16-сентябрында Катардын транспорт министри Жасим бин Саиф Аль-Сулайти менен жолугушуу болду. Транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жана эки өлкөнүн авиациялык системаларын интеграциялоо талкууланды. Жаңы аба каттамдарын ачуу жана авиациялык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

 

Бардык жолугушуулар конструктивдүү маанайда өтүп, тараптар авиация тармагын мындан ары өнүктүрүү жана эки тараптуу мамилелерди чыңдоо үчүн жигердүү кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.