Сыйлыгыңыз менен куттуктайбыз!

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин кызматкери Токтошева Зуура Исаковна өзүнүн милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жогорку сыйлыгы менен сыйланды.

Жарандык авиация тармагында 1999-жылдан бери эмгектенип келет.  1999-2009-жылдары «Кыргызстан Аба Жолдору» Улуттук авиакомпаниясында ар тараптуу кызматтарда иштеген. 2009-жылдын 20-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине штаттык ырааттама боюнча жетекчинин-катчысы кызматында иш алып барып келет.

Иш үстүндө  З.Ы. Токтошева өзүнүн жогорку адистик сапатын көрсөтүп, компетенттүү, демилгелүү, ак ниет кызмат өтөп кесиптештеринин арасында абройлуу кадыр баркка ээ.

Анын эмгеги жана өз ишине берилгендиги менен авиация тармагындагы олуттуу жетишкендиктерге салым кошкон. Бул сыйлык Зуура Исаковнанын Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын өнүктүрүүгө кошкон зор салымын татыктуу баалоо болуп саналат.