Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын ишмердүүлүгүн учууга жарактуулукту камсыз кылуу тармагында жөнгө салуучу мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу.
Кыргыз Республикасынын Жарандык аба кемелеринин реестрине жарандык аба кемелерин каттоо жана аба кемесинин каттоо күбөлүгүн берүү.
Аба кемелерин Кыргыз Республикасынын Жарандык аба кемелеринин реестринен чыгаруу жана аба кемесинин реестрден чыгарылганы жөнүндө күбөлүк берүү.
Аба кемелеринин учууга жарактуулук сертификаттарын берүү жана узартуу.
Кыргыз Республикасынын авиация техникасын тейлөө боюнча уюмдарын сертификаттоо жана башка мамлекеттердин авиация техникасын тейлөө уюмдарын таануу.
Инженердик-техникалык персоналды даярдоону жүргүзгөн окуу уюмдарын сертификаттоо процессине катышуу.
Аба кемелеринин экспорттук учууга жарактуулук сертификатын берүү.
Аба кемелерине учууга атайын уруксат берүү.
Аба транспорту эксплуатанттарын сертификаттоо процессине катышуу.
Эксплуатанттардын аба кемелерине рампалык текшерүүлөрдү жүргүзүү жана чет өлкөлүк аба кемелерин инспекциялоо.