ЖАМА жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги

      Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги – Көз каранады эмес Мамлекеттердин Шериктештигинин өлкөлөрүндө, Европа экономикалык бирлигинин жана 1944-жылдын 7-декабрындагы Эл аралык жарандык авиация жөнүндөгү Конвенциянын (1944-жылдагы Чикаго Конвенциясы) катышуучусу болгон Келишимдеги мамлекеттердин ичинде жарандык авиациянын профили боюнча уникалдуу ведомстволорунун бири болуп эсептелет.      

 

1997-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясында мамлекеттик жөнгө салуу жана чарбалык ишмердүүлүк функцияларын чектөө жөнүндө" токтому менен (1997-ж. 18-октябрь №610) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Аба транспорту жана аба мейкиндигин пайдалануу департаментине (азыркы-Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги) Кыргыз Республикасынын жарандык авиация тармагында бирдиктүү саясатты ишке ашыруу жана жүргүзүү үчүн мамлекеттик жөнгө салуу органынын функциялары жүктөлгөн.

 

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын жарандык авиация тармагында мамлекеттик жөнгө салууну жана көзөмөлдү ишке ашырат. 

 

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Аба Кодексине, Кыргыз Республикасынын укук ченемдик актыларына, Жарандык авиация агенттиги тууралуу Жобого, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген жана ошондой эле Кыргыз республикасы катышуучу болуп эсептелген мыйзам  чегинде күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык иш алып барат.    

 

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги үзгүлтүксүз эл аралык каттамдарды жана башка жарандык авиация иш аракеттериндеги аспекттерге  Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгарууларына ылайык, эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашуулар тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кол коет. 

 

Жаранадык авиация мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Аба кодекси жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жөнүндөгү Жобо тарабынан каралган жарандык авиация тармагына мамлекетик жөнгө салуу, атайы-аткаруучу, көзөмөлдөөчү иш аракеттерди аткарган орган болуп эсептелет. 

 

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн мөөрөйү жана мамлекеттик жана расмий тилде аталышы бар штампы, фирмалык бланкы жана казналык тутумда эсеби бар юридликалык жак болуп саналат. 

 

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин Жобосу жана башкаруу схемасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. 

 

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин Юридикалык адреси: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ажыбек-Баатыр көчөсү, 1. 

 

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин приоритеттүү милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет. 

 

- аба кемелеринин коопсуз учууларын камсыздоо, авиациялык коопсуздук жана тейлөөлөрдүн жана иш аракеттердин сапатын камсыздоо максатында жарандык авиация жаатындагы иш аракеттерди мамлекеттик жактан жөнгө салуу.

 

 - Экономиканын жана калктын жүргүнчүлөрдү, багажды, жүктөрдү абада ташууда жана жарандык авиация тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрүндө керектөөлөрүн канааттандыруу. 

 

- Абада коопсуз, үзгүлтүксүз жана натыйжалуу ташуулар жана авиациялык атайын жумуштар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, жарандык авиациянын кызмат көрсөтүү рыногун өнүктүрүү, ошондой эле аба транспортун жана авиациялык атайын жумуштарды пайдалануучулардын керектөөлөрүн канааттандыруу. 

 

Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясына жарандык авиациянын эл аралык уюмунун стандарттарын жана сунушталган тажырыйбасын киргизүү

 

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги төмөнкү түзүмдүк бөлүмдөрдөн турат: 

 

1) Учуу коопсуздугу жана авиациялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция башкармалыгы:

 

- учууну эксплуатациялоо бөлүмү;

 

- учуунун жарактуулугун колдоо бөлүмү;

 

- авиациялык персоналды тастыктамалоо бөлүмү;

 

- аэродромдо учуунун коопсуздугун жөнгө салуу бөлүмү;

 

- авиациялык коопсуздук бөлүмү;

 

- учкучсуз учуу аппараттары жана аэронавигация(УУАжЭ);

 

2) Аба ташууларын стратегиялык өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтык башкармалыгы:

 

- аба ташууларын стратегиялык өнүктүрүү бөлүмү;

 

- эл аралык кызматташтык бөлүмү;

 

3) Укуктук колдоо жана кадр иштери башкармалыгы;

 

4) экономика, финансы жана бухгалтердик эсеп бөлүмү;

 

5) инциденттерди иликтөө бөлүмү.

 

Кыргыз Республикасы 1992-жылдан бери Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун (ИКАО) мүчөсү болуп саналат. Мүчө мамлекеттер Чикаго конвенциясынын катышуучулары болуу жана ага тиркемелерде камтылган стандарттарды колдонуу менен ИКАО мүчөлүгүнүн артыкчылыктарын түздөн-түз пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ, алардын арасында:

 

- Коопсуз жана натыйжалуу Коммерциялык авиаташууларды камсыз кылууда глобалдык кызматташтык;

 

- Аба транспортунун каттамдарына жеткиликтүүлүктү либералдаштыруу мүмкүнчүлүктөрү; 

 

- Эл аралык сооданы кеңейтүү үчүн көбүрөөк жагымдуу мүмкүнчүлүктөр;

 

- Эл аралык туризмдин кеңейтилген мүмкүнчүлүктөрү;

 

- Интенсивдүү экономикалык өнүгүү.

 

2006-жылдан тартып Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги учуулардын коопсуздугун камсыздоону көзөмөлдөөнүуюштуруунун универсалдуу программасынын жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү текшерүүлөрдүн универсалдуу программасынын алкагында учуулардын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылууга көзөмөлдү уюштуруу боюнча аудиттен өтүп келет.

 

Жарандык Авиация мамлекеттик агенттигинде коюлган милдеттерди аткаруу үчүн сапат менеджменти системасы киргизилген, анын алкагында жарандык авиация мамлекеттик агенттиги сапат менеджменти системасынын талаптарынын аткарылышына туруктуу мониторинг жүргүзөт, маркетингдик изилдөөлөрдү, сурамжылоолорду жүргүзүү, келип түшкөн кайрылууларды талдоо аркылуу юридикалык жана жеке жактардын канааттануу деңгээлин баалайт.