Тарыхый жетишкендик: Кыргыз Республикасы Европа Биримдигинин авиациялык “кара тизмесинен” расмий түрдө чыгарылды.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясы үчүн чындыгында тарыхый күн болуп саналат.

Дээрлик жыйырма жыл өткөндөн кийин Кыргыз Республикасы Европа Биримдигинин учуу коопсуздугу боюнча авиациялык “кара тизмесинен” расмий түрдө чыгарылды.

Бир кезде муну мүмкүн эмес деп эсептегендер көп болчу. Бирок Кыргыз Республикасы мунун тескерисин далилдеди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун саясий эрки, Министрлер Кабинетинин колдоосу жана биздин адистердин зор эмгеги аркылуу өлкө масштабдуу реформаларды ишке ашырып, учуу коопсуздугу жаатында эл аралык жаңы деңгээлге көтөрүлдү.

Биз авиациялык системаны толугу менен жаңыладык, Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) жана Европалык авиациялык коопсуздук агенттигинин стандарттарын киргиздик, эң татаал эл аралык аудиттерден ийгиликтүү өттүк жана дүйнөгө Кыргыз Республикасы эң жогорку эл аралык талаптарга жооп бере аларын далилдедик.

Бул жөн гана авиация боюнча кабыл алынган чечим эмес.

Бул — биздин өлкө, кандай кыйынчылыктар болбосун, чоң максаттарга жете аларын көрсөтүп турган маанилүү көрсөткүч.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровго реформаларды колдогону жана мындай маанилүү максатка жетүү үчүн көрсөткөн саясий эрки үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирем.

Ошондой эле Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин кызматкерлерине, өлкөнүн авиация тармагынын бардык адистерине жана эл аралык өнөктөштөргө кесипкөйлүгү, ишине берилгендиги жана жан аябас эмгеги үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Бүгүн бул — бүткүл Кыргыз Республикасынын жеңиши.

Бул — биздин адистердин жеңиши.

Бул — биздин өлкөнүн жеңиши.

Жана мен ишенем: бул кыргыз авиациясынын чоң келечегинин башталышы гана.