24/09/19: 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган майрамдык салтанат Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы жарандык авиация Агенттигинде  өткөрүлдү.

Жарандык авиация Агенттигинин директору К.Т.Акышев катышуучуларды мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, мамлекеттик тил ынтымактын, достуктун жана биримдиктин тили деп белгиледи. Майрамдын жүрүшүндө мекеменин кызматкерлери өздөрүнүн өнөлөрүн көрсөтүшүп, тилди мындан ары өнүктүрүү үчүн колдон келген салымдарын кошорлорун билгизишти жана иш-чара  концерт менен коштолду.

IMG_20190923_141503IMG_20190923_142227IMG_20190923_142609IMG_20190923_143046IMG_20190923_143402IMG_20190923_143858IMG_20190923_144808IMG_20190923_144955IMG_20190923_145652