27/03/2018/: 2018-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол Министрлигинин алдындагы Жарандык авиация Агенттигинин Директору К.Т.Акышев авиация боюнча Мамлекеттер аралык кеңешке жана аба мейкиндигин пайдалануу боюнча Азербайджанда, Баку шаарынада өткөрүлгөн 36-сессияга катышып келди.

2018-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол Министрлигинин алдындагы Жарандык авиация Агенттигинин  Директору К.Т.Акышев авиация боюнча Мамлекеттер аралык кеңешке жана аба мейкиндигин пайдалануу боюнча Азербайджанда, Баку шаарынада өткөрүлгөн  36-сессияга катышып келди.

Кеңешменин жүрүшүндө бир топ кеңири чөйрөдөгү маселелер каралып чыкты жана талкууга алынды: ИКАО-МАКтин долбоорун ишке ашыруу жөнүндө; жарандык авиация Аймактарында учууларынын коопсуздук абалы жөнүндө; ИАТАныны сунуштарынын жана ИКАОнун  стандарттарына ылайык андан ары шайкеш келтирүү жана авиациялык эрежелердин системасын андан ары өркүндөтүү жөнүндө,
аба кыймылын башкаруу жана аэронавигациялык камсыздоо боюнча ЭАМК/ МАКтын жаатындагы демилгелерин өркүндөтүү жөнүндө,;  аба транспортунун ишин либералдаштыруу жөнүндө; Макулдашууга катышкан мамлекеттердин калк үчүн авиациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана ИАТА жана ИКАО  менен   кызматташууда авиациялык адистерди даярдоодо эл аралык программаларды ишке ашыруу боюнча; илимий-изилдөө жана эксперттик ишмердүүлүктү өнүктүрүү жөнүндө, ЭАМКнин  каржылык аудити боюнча, ЭАМК/ МАКтын ишин андан ары өркүндөтүү ж.б.

Кеңешменин жыйынында бардык катышуучулар ЭАМК/ МАКтын сунушталган демилгенин программасын жактырышты, ошондой эле учуу коопсуздугу жаатындагы эл аралык программаларын  жүзөгө ашыруу боюнча жумуштарды ЭАМК/ МАКте  өткөрүүчү маанилүүлүгүн белгилешти, биринчи кезекте авиациялык кокустуктарды алдын алуу иш чараларды иштеп чыгуу боюнча жана көз карандысыз иликтөө, авиациялык коопсуздук жана мамлекеттин Аймактык жана эл аралык авиациялык коомчулук, ИАТА, ИКАО менен  бул иш багыттарын менен тыгыз кызматташтыкта андан ары өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол Министрлигинин алдындагы Жарандык авиация Агенттигин  ЭАМК/ МАКти жарандык авиацияга бириктирүү жана активдүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн атайын сыйлык менен сыйланды.