27/03/2018/: Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол Министрлигинин алдындагы Жарандык авиация Агенттиги Эл аралык аба линиялары аркылуу үзгүлтүксүз негизде жүргүнчүлөрдү, жүктү жана багажды, почтаны ташуу үчүн Кыргыз Республикасынын авиаташуучулары тарабынан кызмат көрсөтүү укугуна ачык сынак жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы №511 Токтому менен бекитилген, Эл аралык аба линиялары аркылуу үзгүлтүксүз негизде жүргүнчүлөрдү, жүктү жана багажды, почтаны ташуу үчүн Кыргыз Республикасынын авиаташуучулары тарабынан кызмат көрсөтүү укугуна ачык сынак өткөрүү жөнүндө Жобонун 10-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол Министрлигинин алдындагы Жарандык авиация Агенттиги Эл аралык аба линиялары аркылуу үзгүлтүксүз негизде жүргүнчүлөрдү, жүктү жана багажды, почтаны ташуу үчүн Кыргыз Республикасынын авиаташуучулары тарабынан кызмат көрсөтүү укугуна ачык сынак жарыялайт:

  • Лот № 36

Ош – Новосибирск    – 1 жыштык

Аба линиясынын узундугу-  1848 км.

  • Лот № 37

Ош – Москва   – 7   жыштык

Аба линиясынын узундугу –  3200 км.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшырышы керек :

  • сынакка катышуу үчүн арыз (http://caa.kg/wp-content/uploads/2016/08/prilojenia_ok.pdf);
  • Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынан юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
  • иштетүүчүнүн сертификатынын көчүрмөсү;
  • аба транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана (же) жүктөрдү ташуу лицензиянын көчүрмөсү;
  • салык органынан салыктык катталган жери боюнча салыктык карызынын жоктугу тууралуу маалымкат,;
  • Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан сынакка катышуучунун жайгашкан жери боюнча социалдык төгүмдөрдүн карызы жоктугу тууралуу маалымкат,;
  • сынакка катышуучунун өзүнүн жана жок эле дегенде ижарага паркынын болушу жана абалы жөнүндө маалыматты;
  • сынакка катышуучунун аба кемесинин техникалык тейлөөсүн уюштуруунун абалы жөнүндө маалымат;
  • Эл Аралык аба транспортунун (мындан ары-ИАТА) ассоциациясынын экиден  кем эмес ырааттуу мезгилине ырааттамасынын аба линияларын  өнүктүрүү планы
  • Жетекчилер жана учуудагы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча адистердин, авиациялык коопсуздук жана учууну уюштурууга жооптуу жана техникалык иштер курамы жөнүндө маалымат;
  • тиешелүү даярдыкка ээ болгон, сынакка катышуучунун курамында учуучу жана инженердик-техникалык курам жөнүндө маалымат;
  • аба транспортту  менен жүргүнчүлөрдү, багаждарды, жүктү жана почтаны ташуу үчүн катышуучунун тажрыйбасы жөнүндө маалыматтар.
  • И.Абдраимов атындагы Авиациялык колледжинин студенттери стажировкага катышуу учурунда даярдоону уюштурууда, тиешелүү маалыматтарды жана документтерди берсин.
  • И.Абдраимов атындагы Авиациялык колледжинин студенттерин жумушка орноштурууга катышуу учурунда, мурда 2000-жылдан эрте эмес окутуп чыгарылган, тиешелүү маалыматтарды жана документтерди берүүлөрү тийиш.

Чет өлкөлүк жарандардын/Кыргыз Республикасынын жарандарынын (учуучу, техникалык персоналдын, борттук коштоочунун) кызматкерлердин үлүшү тууралуу маалымат Жарандык авиация Агенттигине төмөнкү дарек боюнча документтерди берүү зарыл: Бишкек ш., Ажыбек Баатыр көчөсү-1, 204-кабинет күн сайын саат 8.30 да 16.00 чейин (ишенби, жекшемби күндөрүнөн тышкары).

Арыздар 2018-жылдын  26-мартынан  2018-жылдын 24-апрелге чейин 30-күндүн ичинде кабыл алынат.

Сынак жылдын 25-апрелинде 15-00 Жарандык авиация Агенттигинде өткөрүлөт.

Сынактын жол-жобосун төмөнкү сайттан тапса болот http://caa.kg/wp-content/uploads/2016/08/polojenie_ok.pdf

МААНИЛҮҮ: Документтер көрсөтүлгөн  мөөнөттүн ичинде гана кабыл алынат!!! Сынакты  өткөрүү күнү берилген документтер каралбайт!!!