/23.08.2016/: Кыргыз туусу. «Омуралиев. Э.С. Эң башкы шарт – ЖАЭУнун аудиттеринен ийгиликтүү өтүү».

Актуалдуу маек

Жарандык авиация агенттигинин директору Эрмек Өмүралиев: “Эң башкы шарт – ЖАЭУнун аудиттеринен ийгиликтүү өтүү”.

Эрмек Социалович, Жарандык авиация агенттигине жетекчи болуп келгениңизде сизди, “авиация тармагына жат, тармакты жакшы билбейт” деген арыз менен кайрылган жамаатыңыздын айрым мүчөлөрү маалымат берип жатышты. Мунун себеби эмнеде? Деги эле келишпөөчүлүктү эмнеден көрөсүз?14368789_1373992869341476_5607182656945841120_n

– Буга бир сөз менен жооп берүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, азыноолак таржымалына кайрыла кетейин. Бул жерде негизи жаңчыл-эскичил көз караштардын тиреши болуп жатат десем болот. Мага авиация тармагы жат болсо, анда өлкөдөгү ири компаниялардын бири “Эйр Манас” авиакомпаниясын Кыргызстанга келишине салым кошо албас элем. Бул компанияда иштеп жүргөндө эле “кара тизмеден” чыгуу маселеси боюнча Жарандык авиация агенттигине пикиримди  айтып келгенмин. Авиакомпаниянын өкүлү катары чечүүнүн жолдорун сунуштаган да учурлар болгон. Тилекке каршы, “кара тизмеден” чыгуу боюнча сүйлөшүүлөр солгун жүрүп келди. Мен агенттикке жетекчи болуп келгенде, маселени ичинен байкап, көп мүчүлүштүк бар экенине көзүм жетти. Эң башкысы Жарандык авиациянын эл аралык уюму (ЖАЭУ) менен керектүү форматта сүйлөшүү болбоптур. Агенттикте иш билги адистер да жетишсиз экен. Негизи ЖАЭУнун аудитинин жыйынтыгы боюнча Евробиримдик авиакомпанияларды “кара тизмеден” чыгарууну, же чыгарбоону чечет. Аудит 5-6 жылда бир жүргүзүлөт. Анда негизги критерий – авиациялык мыйзамдар, жарандык авиацияны уюштурунунун принциптери, авиациялык персоналдарга лицензия берүү,  аба кемелерин пайдалануу, аэродромдук  жана жердеги зарыл болгон каражаттар, аэронавигациялык тейлөө жана авиациялык кырсыктарды иликтөө сыяктуу 8 бөлүмдүн талаптарына дал келе тургандай иш жүргүзүшүбүз зарыл.

Мен жетекчи болуп келген маал ЖАЭУнун аудиттине туш келип калды. Убакыт өтө тар эле. Ири авиакомпаниялардан, ЖАЭУдан кеңешчилерди чакырып,  катуу даярдык көрдүк. ЖАЭУнун атайын протоколундагы суроолорго так, далилдүү жооп бериш керек.  Ушундай формата иштешүү тууралуу кээ бир адистер билген эмеспиз дешсе, башкаларыныкы болсо такыр эле кабары жок экенн. Айтор, аудиттин жыйынтыгы боюнча кээ бир критерийлерден жакшы баа алдык. Менин орун басарым М.Токтобеков менен пикир келишпестик  негизи ушул жерден чыкты. Чынында эле “Авиациялык мыйзамдардын негиздери” бөлүмү боюнча эң жогорку баллга ээ болдук. М.Токтобеков муну чоң жетишкендик катары көрүп жатат. Аба кодескинин жаңы редакциясын кабыл алгандан кийин ушундай баага ээ болуп отурабыз. Андан башка ЖАЭУ 128 кемчиликти жоюу талабын койду. Ошол эле учурда эки критерий боюнча төмөн баа алып калдык. Маселе бизде турат, ошону моюнга алышыбыз абзел. Авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча эл аралык стандартка жооп бере алган жокпуз. Мындан төмөн баа алуу ЖАЭУнун “кара тизмесинде” калдың дегенди билдирет.

Бул эми агенттиктин ичинде эле чечиле турган маселе турбайбы.

– Туура айтасыз.  Биздин мекеме Транспорт жана коммуникациялар министрлигине баш ийгендиктен аудиттин өтүшү  жана башка жасалып жаткан иштер тууралуу отчет берүүгө милдеттүүмүн.  Аудиттен өтпөй калганыбыз чын да. Менин орун басарым өзүнө жакын эки-үч кишини мага тукуруп, кандайдыр бир кызыкчылыктарды көздөп, арызданып жүрөт. Өздөрү жасаган нерсени дагы мага оодарууга аракет кылышты. Биз мамлекеттик кызматкербиз. Маселени мамлекеттик агенттикте өз ара чече албасак, анда тармактык министрлик деген бар, ал болбосо Өкмөткө кайрылууга болот да.  Булар түз эле Жогорку Кеңешке арызданып, ошол жактын көңүлүн бурдурууга аракет кылышууда. Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын чакыруусу менен парламентке барганда, жарандык авиациянын жалпы абалы тууралуу сөз болот го деп эле отурганбыз. Чу дегенде эле жамааттын атынан жазылды деген кайрылууну ошол жерден окуп берип жатпайбы. Жолугушууда мындай арызды кимдер жазып жүрүшкөнүн ачык айтып бердим.  Жамаатты жыйнап үч-төрт кишинин катын кайрылуу катары караса болобу, ушул жерде жазылган нерселерге силер макулсуңарбы деген суроону койдум. Агенттикте 46 кызматкер иштейт. М.Токтобеков 2010-жылдан бери жарандык авиация агенттигинде орун басарлык кызматты аркалап келе жатат. Кыргызстандын “кара тизмеден” чыкпай келгенине ал дагы жоопкерчиликти моюнга алышы керек эле.  Жарандык авиациядагы абалдын начар экендигин  мен эмес,  ЖАЭУ айтып жатат. ЖАЭУ көрсөткөн кемчиликтерди өз күчүбүз менен жойгонго аракет кылсак болот. Өкмөт каражат бербей жатат деп эле колду куушуруп отура берген менен болобу? Ушуларды айткан соң пикир келишпестик жаралды. Агенттикте “Боинг”, “Аэробус” үлгүсүндөгү учактардын “сырын” билген инспекторлор болушу керек. Алар көп айлык акы талап кылышат. Тилекке каршы, агенттикте маяна аз болгондуктан, бир кызматкерди ишке алдык. Келип иштейбиз дегендер бар. Бирок аларга кызмат ордун камсыз кылышым керек. Мамлекеттик структурада бекитилген штатка байланыштуу ашыкча кызмат оруну жок.

Транспорт министрлигинин алдында комиссия түзүлгөн болчу. Анын жыйынтыгы кандай болду?

–  Министрликте бир канча комиссия түзүлдү. Арыздангандардын ар бир дооматына далил менен жооп бергем. Маселе бир жактуу болуп калбасын деп, жамаат менен пикир алышуу тууралуу сунуш айткам. Министрибиз Айдаров Замирбек Казакбаевич өзү биздин агенттиктин кызматкерлерин жыйнап пикир алышып кетти. Министрликтин комиссиясы мага коюлган дооматтар негизсиз деген корутунду чыгарган эле. Эми алар мындай кортундуга макул болбой, аларды күнөөлөп,  дагы деле тынбай арызданып жүрүшөт. Мен негизи калыс, далилдүү, жүйөлүү сын айтылса, аны моюнга алам.  Ошону менен бирге кандай гана маселе болбосун ал ачык, конструктивдүү маанайда чечилиши керек деп эсептейм. Бир сөз менен айтканда, арыз жазгандар биздин жалпы ишибизге жолтоо болуп жатышат.

“Кара тизмеден” чыгуу деле акырындык менен жүрүп олтуруп чечилүүчү маселе болсо керек. Бүгүнкү күндө кайсыл чекке жетип калды?

– “Кара тизмеден” чыгуу үчүн эмне кемчилигибиз бар,  эмне кылуу керек,  баарын аныктап алдык. “Жол картасы” даяр болуп калды десем болот. Парижде ЖАЭУнун аймактык бюросу бар. Биз ушул бюрого баш ийебиз. Алардын эң башкы шарты – ЖАЭУнун аудиттеринин ийгиликтүү өтүү. Мен аймактык бюрого барганда, “Евробиримдиктин талаптары өтө катаал, биз силерден анын стандарттарын талап кылбайбыз, силер бул уюмга мүчө дагы эмессиңер, болгону ЖАЭУнун гана талаптарын орундатып бергиле. Алардын аудиттеринен кемчиликсиз өткүлө”, дешти. Ушундан улам, ЖАЭУнун эл аралык стандарттарын аткаруу, анын талаптарына жооп берүү боюнча иштеп жатабыз.

“Кара тизмеден” чыгуу жалгыз гана мамлекеттин милдети эмес. Бул жерде авиакомпаниялар да аткара турган бир катар талап дагы бар. Алар дагы эл аралык нормаларга жооп бериши абзел. Авиакомпанияларга тиешелүү эксплуатациялык аудит (IOSA)  деген болот. Анда эң негизгиси учуу коопсуздугу боюнча талаптар аткарылышы керек. Маселен, Казакстандын 17 авиакомпаниясы “кара тизмеде” турат. Бул жалпы өлкө “кара тизмеде” турат дегенди түшүндүрөт. Бирок, “Эйр Астана” авиакомпаниясы IOSAнын талаптарын толук аткарып, “кара тизмеден” чыгып, өз алдынча Европага учуу укугуна ээ болду. Мындай кадам эл аралык деңгээлде туруктуу иштөөгө шарт түзөт. Мен авиакомпаниялардын жетекчилери менен айына бир ирээт жолугушуп, пикир алышып IOSAдан өтүү зарылдыгын айтып жатам. Бүгүнкү күндө бизде “Эйр Манас” авиакомпаниясы эксплутациялык аудиттен өтүү үчүн аракеттерди жасап жатат.

Эрмек Социалович, сиз жогоруда “Эйр Манас” авиакомпаниясын Кыргызстанга алып келүүгө салым кошкондугуңуз тууралуу учкай кеп кылып өттүңүз. Чын эле бул компания кандайча биздин өлкөнүн авиация рыногуна кирип калды?

– Мен Түркиядагы Орто-Чыгыш техникалык университетинде билим алганмын. Билим берүү толугу менен англис тилинде жүргүзүлөт. Бул жогорку окуу жайы дүйнөнүн 100 мыкты университеттеринин сабында турат. Биринчи курста окуп жүргөндө эле Кыргызстандын Анкарадагы элчилигинде котормочу болуп иштей баштагам. Ошол учурдагы Түркиядагы Кыргызстандын алгачкы элчиси, залкар инсан Төлөмүш Океев менин устатым болот. Окууну бүтүргөндөн кийин Тышкы иштер министрлигинде иштеп калдым.

Биз окуп жүргөндө Кыргызстанга “Түрк аба жолдору” авиакомпаниясы каттаса, ал жакка “Кыргызстан аба жолдору” каттачу. Эки тараптын компаниялары каттап турганда Стамбул-Бишкек, Бишкек-Стамбул каттамдарынын билет баасы 400-500 доллар эле. Мындай баа карапайым жарандарга ыңгайлуу эле болчу. “Кыргызстан аба  жолдору” жоюлуп кеткенден кийин, бул каттамды түрк авиакомпаниясы жалгыз тейлей баштады. Мындан улам билет баасы да асмандап 1300 долларга чейин жетти. Түркияда окуган, иштеген балдардын Кыргызстанга келип-кетүүсү кыйла эле кыйын болуп калган. Жөнөкөй, көп балалуу  үй-бүлөнүн балдары дагы окушчу эле. Өзүм деле 14 жашымда ата-энемден ажырагандыктан, оор турмуш, жетишпестик кандай экенин жакшы билемин. Ошентип, эки тарапка кенен учуп жүргөн биздин жарандарыбыз кыйналып эле калышкан. Түркиядагы курсташтарды Кыргызстанга конокко чакырсак, “Силерге барганча, Нью-Йоркко эки жолу барып келебиз” деп тамашалап да калышчу.  Ушундай өңдүү кыйынчылыктардан улам арзаныраак каттай турган авиакомпания ачуу демилгеси жаралды.

Түркияда билим алган балдар өз ара чогулуп калганда, өлкөбүзгө кандай, кантип жардам бере алабыз дегендей көп талкуулап, пикир алышат элек. Анан үч-төрт бала болуп ушул маселени ар тараптан иликтеп чыгып, Кыргызстанда кыргыз авиакомпаниясын түзсө болот экен деген тыянак чыгарганбыз. Биз оболу күчтүү, үлгүлүү мамлекеттик компанияны түзөлү деген элек. Түркиянын рыногун изилдеп, “Пегасус” авиакомпаниясын тапканбыз. Алардын өкүлдөрү менен сүйлөшүп, Кыргызстанга алып келүүгө аракет кыла баштадык. Кыргыз өкмөтүнө дагы өз сунушубузду билдирдик. Ошол учурдагы вице-премьер Өмүрбек Бабанов бизди жакшы колдоп берди. “Кыргызстан аба жолдору” мамлекеттик авиакомпаниясынын базасында түзүүнү пландаганбыз. Анан, Жаныш Бакиеви бир жагынан, Максим Бакиеви экинчи жагынан, “биз куратор болубуз” деп чыгышты. Биз сүйлөшүп жаткан авиакомпания сөздүн төркүнүн жакшы түшүнүшүп, кетип калышкан.

2010-жылы бийлик алмашкандан кийин кайрадан аракет кыла баштадык. Өкмөткө сунуш киргиздик, түрк өнөктөштөрдү ынандырдык. Акыры түрк  ишкерлери жеке менчик авиакомпания менен кызматташууну туура көрүштү. “Эйр Манас” деген компания бар эле, ошонун негизинде түрк өнөктөштөр менен бирге иштешип калдык. Эң башкысы, Бишкек-Стамбул багытында атаандаштык пайда болуп, билет баасын кыйла төмөндөтө алдык. Азыр эртерээк билет алсаңыз, 350 долларга Түркияга барып келүүгө болот.  Ошону менен бирге ички рынокто дагы баалардын төмөндөшүнө “Эйр Бишкек” өз салымын кошо алды. Бүгүнкү күндө “Эйр Манас” өлкөдөгө алдыңкы компаниялардын сап башында туруп, кардарларды тейлөөдө сапатка өзгөчө көңүл буруп жатканы байкалат.

Эми сөз соңунда айтарым, Кыргызстанда авиация тармагын өнүктүрүүгө  мүмкүнчүлүк жетиштүү, шарт деле бар. Президент, Өкмөтүбүз да бизди колдоп жатат. Эң башкысы, ич ара интригадан арылып, ар бирибиз өз милдетибизди кесипкөйлүк, иш билгилик менен аткарсак эле ийгиликке жетебиз.

Шекербек КАЛЫКОВ, “Кыргыз Туусу”